• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жана Эсептөө палатасы тарабынан Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүчү органдар (Эсептөө палатасы) тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринин коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий