• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылында жаңы көпүрө курулууда

Аймак 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылында жаңы көпүрө курулууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине аталган айылдын 2007-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн атынан Курманбек Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, Өрүктү-Сай айылынын 2007-жылдагы бүтүрүүчүлөрү туулган айылына көпүрө куруп берүүнү колго алышкан. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Ачык асмандын аңкыган абасынан дем алып нечендеген мыктылар айыл жергесинен ааламга таанылган. Анын сыңарындай мектепти аяктагандан соң 10 жылдык жолугушууга келе турган классташтар куру барбай, сөзсүз белектерин ала келишет. Соңку мезгилде 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан ар кандай жардам көрсөтүү чаралары жүзөгө ашырылууда. Мисалы, айылынын кире беришине дарбаза куруп, жетим-жесирлерге жардам берип, үйү жокторго үй салып кубантып жатышат», -деп билдирди К.Ниязбеков.

Мындан тышкары, ал Өрүктү-Сай айылындагы 2007-жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен башталган көпүрөнүн курулуш иштери учурда кызуу жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Тактап кетсем, Өрүктү-Сай айылына пайдалуу эстелик калтыруу максатында классташтар жапа тырмак иш жасап жатышат. Көпүрөгө кеткен чыгымды толугу менен 10 жыл мурдагы бүтүрүүчүлөр көтөрүшкөн», -деп жыйынтыктады Курманбек Ниязбеков.

Чындыгында, бул демилге ашыкча ысырапкорчулук менен белгиленүүчү 10, 20 жылдык маарекелерди пайдалуу өткөрүү үчүн башка бүтүрүүчүлөргө үлгү болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий