• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда 229 жаран обсервацияда жатат

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 229 жаран обсервацияда жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди.

"Бүгүнкү күнү облус аймагында 2 миңден ашык орунга эсептелген обсервациялар түзүлгөн. Анын ичинен 1 миң 700гө жакыны жергиликтүү бийлик, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 326 орун түзүлгөн. Обсервация катары окуу жайлардын жатаканалары, мейманканалар даярдалган. Биз тараптан жууркан-төшөктөр бөлүнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин 748 жаран обсервацияга жаткырылса, анын 519у чыккан. Учурда 229 жаран обсервацияда жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий