Ала-Букада курулушу 7 жыл мурун башталган оорукана бүткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында жаңы оорукананын курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 орунга ылайыкташтырылган оорукана бюджеттин эсебинен Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курулду. Анын курулуш иштери 2017-жылы башталган жана эки кабаттуу, жалпы аянты 617 чарчы мертге долбоорлонгон.

Учурда курулуштун дээрлик 98% жумушу бүткөрүлдү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий