• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Букада төрт жыл мурун тоноого шектелген “положенец” макамына ээ жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда төрт жыл мурун тоноого шектелген “положенец” макамына ээ жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө коркутуу жолу менен акча талап кылып, аны ала албай калганда күч колдонуп, “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш Н.га карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана “положенец” макамына ээ Ала-Бука районунун 32 жаштагы А.Н., аттуу тургуну кармалган.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий