• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөн районунда 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева изделүүдө

Коом 0

Бишкек. 05.07.22. /Кабар/. Өзгөн районунда 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева аттуу келин изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун 66 жаштагы тургуну Ш.К. атту жаран кайрылып, 2022-жылдын 28-июнда болжол менен саат 08:00 чамасында 34 жаштагы келини Жаанбаева Бузуура Шакиржоновна Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон, дайынсыз жок болуп жатканын билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 29-июнунда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жолук, үстүндө жашыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, бутунда боз түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, дене түзүлүшү орто бойлуу, кара тору, кашы-көзү кара, чачы узун кара түстө.

"Жогорудагылардын негизинде дайыны белгисиз 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды суранабыз: тел: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 334323, 0504 445541", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий