• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ала-Букада жол эрежелерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Ала-Бука районунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук милициянын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктын кызматкерлери өспүрүмдөргө практика түрүндө эрежелерди сактоону көрсөтүшүүдө. Ар бир окуучу мектепке барып келүүдө жол чийиндеринен өтүү зарылдыгы эскертилип жатат.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий