• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ала-Буканын Көк-Таш айылында жаңы футбол аянтчасы курулду

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, футбол аянтчасы Ала-Бука районундагы “Бозымчак” алтын кенин иштеткен компаниясы менен түзүлгөн “Социалдык долбоорлор” келишиминин негизинде ишке ашырылган. Ага жалпы 3 миллион сом акча каражаты жумшалган.

Район акими Нурбек Сатаровдун айтымында, эми айылдагы жаштар бош убактысын натыйжалуу пайдаланып спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүлдү.

Мындан сырткары, Ала-Бука районундагы кен иштеткен компаниялар менен биргеликте калктын социалдык муктаждыктарын камсыздоо максатында, бир канча долбоорлор үстүндө иш алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий