• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Майрамга утурлай Ош шаардык ички иштер башкармалыгында саптык кароо өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Нооруз майрамынын алдында милиция кызматкерлеринин кызмат өтөө даярдыгын текшерүү жана аларга кошумча көрсөтмөлөрдү берүү максатында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын жетекчилик курамы тарабынан майрамдык салтанат учурунда кызматтык тартипти бекем сактап кызмат өтөө жана жарандарга сылык мамиле жасоо эскертилди.

Кызматкерлердин көрсөтмө боюнча тиешелүү буюмдарынын (калемсап, ышкырык, жетон ж.б.) алып жүрүүсү, атайын форманын талапка ылайыктуулугу жана ар бир кызматкердин сырткы келбети текшерилди. Текшерүү учурунда аныкталган айрым кемчиликтерди жоюуга күндүн соӊуна чейин мөөнөт берилди.

Иш-чаранын соӊунда өздүк курамга жетекчиликтин буйруктары, көрсөтмөлөр жана издөөгө алынган жарандар тууралуу маалыматтар жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий