Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы Республикалык штаб кыргызстандыктар эки жыл ичинде баштан кечирген нерселерди эске салды.
Штабдын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 18-мартында Кыргызстан жаңы коронавирус инфекциясынын учурларын расмий түрдө каттаган. Эки жылдын ичинде эмнелерди баштан кечирдик?
Кыргызстан:
Коронавирус инфекциясынын төрт толкунун өткөрдү.
- Биринчи толкун 2020-жыл июнь — август;
- Экинчи толкун 2020-жыл октябрь — декабрь;
- Үчүнчү толкун 2021-жыл июнь – июль;
- Төртүнчү толкун 2022-жыл январь –февраль.
Эки жылда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча алты протокол алмаштырды.
Кыргызстандын 100дөн ашуун медицина кызматкери каза тапты.
2021-жылдын мартында эмдөө боюнча масштабдуу кампания башталган.
Дүйнөдө:
- 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынын пандемиясы жөнүндө жарыялады;
- Вирустун мутациясы жүрүп, 5 штаммы аныкталды;
- Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы 10 вакцина таанылган;
- COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификаттар/паспорттор бекитилген;
- Дүйнө калкынын 60% ашыгы вакцина алды;
- Авиакаттамдар дүйнө жүзү боюнча дээрлик калыбына келтирилди;
- Көпчүлүк өлкөлөрдө чектөөлөр алынды.
Акыркы маалыматка таянсак, 2022-жылдын 18-мартына карата дүйнө жүзүндө коронавирустан:
- Жалпы каза болгондор - 6 млн 64 миң 926;
- Жалпы катталган учурлар - 465 млн 700 миң 653;
- Эмделгендер - 10 млрд 755 млн 408 миң 149.
Пикир
Оставить комментарий