• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Ала качууну” толук кандуу адам уурдоого теңдешибиз керек – Артем Новиков

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2021-2026-жылдарда КРда кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын талкуулоо боюнча тегерек столдун жүрүшүндө Бишкекте уурдалган кыздын өлүмүнө комментарий берип, бул көйгөйдү мыйзамдуу жөнгө салууда көп убакыт жоготулгандыгын белгиледи.

Анын айтымында, муну менен катар концепция коомчулуктун топтолгон актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө көп сандаган мамилелерди ачып берет.

“Кечээги уурдалган кыздын өлүмүнө байланышкан трагедиялуу окуяга мен жаран катары, үй-бүлөлүү адам жана ата катары комментарий бере албайм. Бул барыбыз үчүн трагедия, бирок бул процесске карата мамилеге көз караштан алып караганда андан дагы чоң трагедия. Биз көп убакытты текке кетирдик, анын ичинде бул көйгөйдү мыйзамдуу жөнгө салууда көп убакыт кетирдик. Мен премьер-министр укук коргоо органдары боюнча тиешелүү чечимди чыгарды деп ойлойм, ал бул тууралуу бүгүн айтты, бирок эң башкысы – мындай көйгөйдү тутумдуу чечүүгө басым жасалышы керек. Анын ичинде биз “ала качууну” толук кандуу адам уурдоого теңдешибиз зарыл. Биз иликтөө ишин баштоодо бюрократтык процедуралар менен алектенбей, сунушталган бардык иш-чараларга мүмкүн болушунча тезирээк жооп беришибиз керек. Бул жаатта тиешелүү чечим чыгып, нормативдик сунуштар киргизилет, мен өкмөт жетекчилиги жана биздин жарандар аталган окуядан сабак алат деп ойлойм”, - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр учурдан пайдаланып, Айзаданын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

8-апрелде Бишкекте зомбулукка жана ала качууга каршы митинг өтүп, анын катышуучулары ИИМ жана Бишкек ШИИББ башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Окуя боюнча КР президенти Садыр Жапаров дагы билдирүү жасап, ишти жеке өзөмөлүнө алган, андан тышкары, премьер-министр Улукбек Марипов дагы ала качуу салт эмес, кылмыш экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий