• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ала-Тоо аянтында майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлуу пандустар пайда болду

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында майыптуулугу бар жарандар үчүн ыңгайлуу пандустар пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана майыптуулугу бар адамдардын эмгек укуктары боюнча медиа-эксперт Аскар Турдугулов (Оскар Райс) реконструкциялоо иштери аяктап жаткан Ала-Тоо аянтынын жеткиликтүүлүгү боюнча практикалык изилдөө жүргүзүштү.

Активист пандустарды колдонуунун ыңгайлуулугун жеке мисалы менен көрсөтүп, мындай өзгөртүүлөр үлгү болушу керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо иштеринен соң Ала-Тоо аянты 21-сентябрда ачылат.

Пикир

Оставить комментарий