Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын демонтаждоо иштери аяктап жатат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Аянт күнүмдүк жашоого кайтып келди, бирок майрамдын элеси жалпы тарыхыбыздын дагы бир жаркын барагы катары кала берет. Ал убакыт артта калды, бирок биздин эсибизде сонун эпизод катары калды.
Алдыда жаңы бийиктиктер, жаңы майрамдар, жаңы окуялар турат. Биз аларды биргелешип жаркыраган жана укмуштуудай кооз кылабыз.
Ар бир нерсенин аягы андан да чоң жана кызыктуу окуянын башталышы. Шаарыбызга жана анын тургундарына татыктуу жаңы окуяларды жаратууну чыдамсыздык менен күтөлү",-деп жазган ал.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын орнотууга даярдыктар 2024-жылдын13-декабрында башталган.
Пикир
Оставить комментарий