• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Ала-Тоо” аянтындагы парадга 2 миңден ашык аскер кызматкери катышты — Өмүралиев

Коом 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн парадга 2 миңден ашык аскер кызматкери, 100дөн ашуун бирдик техника тартылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия жана Чек ара кызматынын жоокерлери катышты.

“Мындан сырткары, парадга Ички иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да катышты”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий