• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге “КРнын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Президент 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын (каза болгондон кийин).

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, Мекенге жан аябас кызмат кылгандыгы үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын (каза болгондон кийин).

Президенттин басма сөз кызмтынан кабарлашкандай, тийиштүү Жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий