• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. “Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, 2022-жылдын 6-июнунда болжол менен саат 11:00дө "102" кызматына "Ала-Тоо" аквапаркындагы бассейнге бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткендигин аныкташкан.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-чи (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренелеринин (Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий