• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Алай районунда 110/10 кВ "Бүлөлү" көмөк чордону курулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда 110/10 кВ "Бүлөлү" көмөк чордону курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош электр тармактары ишканасынын 110/35/10 кВ "Гүлчө" көмөк чордонунун Оро-Дөбөө фидеринин узундугу 110 км болгондугуна байланыштуу, кыш мезгилдеринде керектөө өскөн учурда керектөөчүлөргө ыңгайсыздык жаралып, абоненттерге чыңалуу керектүү нормадан түшүп кетип жетишсиз болуп калган.

Муктаждыкты жоюу максатында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен "КУЭТ" ААКтын каржылоосунда Бүлөлү айылына 110/10кВ көмөк чордон курулуп баштады.

Азыркы учурда көмөк чордон курулуучу жерди даярдоо, контурду жасоо, электр жабдыктары менен комплектациялоо иштери жүрүп жатат.

Жогорку чыңалуудагы 2500 КВА кубаттуулуктагы трансформатор алынып келинип, курулуш иштерине керектелүүчү электр энергиясын пайдалануу үчүн 100 КВА трансформатор орнотулду. Мындан тышкары, куруу иштерине керектелүүчү жабдыктар менен толук камсыздалган.

Аталган көмөк чордон курулуп бүткөн соң 2 миңден ашуун абонентти жарык менен камсыздайт жана Бүлөлү, Күң-Элек, Мурдаш, Кызыл-Коргон, Будалык, Кыркол айылдарынын чыңалуу боюнча көйгөйлөрү чечилет.

Көмөк чордон куруунун негизги максаты элге жарыкты сапаттуу, үзгүлтүксүз берүү жана техникалык жоготууну азайтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий