• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Алай районунда 60 орундуу балдар бакчасы ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районунун Чий-Талаа айылында “Акпари эне” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдар бакчасы 60 орунга ылайыкталган, ал айылдагы Б.Абжапаров атындагы мектептин бош турган имаратынын ордуна салынган. Ал үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 553 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 237 миң сом каралган. Ал эми демөөрчүлөр 350 миң сомдук жардам көрсөткөн.

Балдар бакчасы баардык керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Бакчанын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Азамат Кожомамбетов, айыл аймак активи, айыл тургундары катышышты.

Пикир

Оставить комментарий