• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги курулуп жаткан объектилерде убактылуу тосмолорду иретке келтирүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бишкектеги курулуп жаткан объектилерде убактылуу тосмолорду иретке келтирүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курулуш объектилеринин убактылуу тосмолорун 10 күндүн ичинде тийиштүү эстетикалык көрүнүшкө келтирүүнү талап кылган эскертүүлөр берилди.

Ошентип, төмөнкү объекттерге билдирүүлөр жеткирилди:

- Ветеринарная көч,14 дарегиндеги «Урбис Групп» ЖЧКсы;
- "Ынтымак" конушу, Улан көч, 3;
- Азия көчөсү, 229, дарегиндеги «Аслан Строй» ЖЧКсы;
- Горький-Юнусалиев көчөсүндөгү турак үй;
- Юнусалиев көчөсү,14 дарегиндеги мейманкана;
- Сыдыков көчөсү,115 дарегиндеги кеңсе;
- Менделеев көчөсү, 152 дарегинде жайгашкан «Эркин Констракшн» ЖЧКсы, 9 кабаттуу турак жай пентхаусу менен, СКБ объектилери жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар ;
- Көлбаев көчөсү, 45 дарегиндеги «Кайнар» ЖЧКсы, көп кабаттуу үйү;
- Панфилов көчөсү, 84 дарегиндеги кеңсе;
- Кулатов көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан кофетерий кеңсеси менен.

Белгилей кетсек, иштер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен шаардын аймагында жайгашкан курулуп жаткан объектилердин убактылуу тосмолорунун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында мэриянын мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий