• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Алай районунда жер көчкү кооптуулугу бар аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Ош облусу боюнча жалпы 469 жер көчкү калктуу конуштарга кооптуулук жаратат, анын ичинен 94ү Алай районунда катталган. Бул утуралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда ӨКМдин атайын адистери министрдин буйругу менен Алай районундагы жер көчкүлөргө изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-майда Алай районуна караштуу Будалык айыл өкмөтүнүн Куш-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, жер көчкү жылып 2 турак үйгө коркунуч жаралган.

Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 500м³. Бир күн ичинде жер көчкү болжолдуу 1 метр аралыкка жылган. Учурда Будалык айыл аймагынын башчысынын көзөмөлүнө алынды.

Пикир

Оставить комментарий