Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 21-ноябрда саат 19:34тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий