Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Алай районундагы аймактык оорукананын кире беришине дезинфекциялоочу туннель орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, туннель райондун 1987-жылы туулган мырзаларынын көмөгү менен орнотулган, ошондой эле алар ооруканага 20 штатив тапшырышкан.
Эми ооруканага келгендердин баары ушул туннель аркылуу өтмөкчү.
Пикир
Оставить комментарий