Алай районундагы Гүлчө дарыясына чакан ГЭС курулат

Аймак 0


Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө дарыясына чакан гидроэлектр станциясын курууга 4,2 млн доллар бөлүүнү пландап жатат.

Фонддун маалыматына ылайык, долбоорду “Алай Гидро” ЖЧКсы ишке ашырат. Кубаттуулугу 9 мегаватты түзгөн жаңы ГЭС Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгын 86% камсыздайт. Станцияда заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулат.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков белгилегендей, акыркы эки жылда бул гидроэнергетика чөйрөсүндө фонддун колдоосу менен өлкөдө ишке ашырылып жаткан сегизинчи долбоор. Алардын жалпы кубаттуулугу 153 мегаватты түзөт. Бул жылына дээрлик 600 млн киловатт-саат электр энергиясы дегенди билдирет.

ГЭС боюнча долбоорлордун жалпы баасы 183,6 млн долларга бааланып, анын 39%ы – 72 млн доллары фонд тарабынан бөлүнгөн.

Белгиленгендей, ар бир долбоор өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты кыскартуу менен гана чектелбестен, өндүрүш кубаттуулугун арттырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий