• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы "Дордой" базарындагы митинг боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. "Дордой" базарында салыктын ставкалары өзгөрүлгөн жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 4-сентябрда "Дордой" базарында уюштурулган ишкерлердин митинги боюнча комментарийинде маалымдады.

"Салык кызматы "Дордой" базарында салыктын ставкалары өзгөрбөгөнүн жана жогорулабаганын расмий билдирет.

Ушул жылдын август айында Салык кызматы салыктык каттоосуз, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн иш жүргүзгөн субъекттерди аныктоо максатында "Дордой" конушунда контролдук иш-чараларды өткөргөн. Бул иш-чарада ишкердик субъекттердин жана объекттердин жайгашуусунун электрондук картасын түзүү да каралган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ээлери салык мыйзамдарын бузган 800дөн ашык контейнерге жана кампаларга мөөр басылган.

"Дордой" конушундагы контейнерлер жана кампалар ишкердик үчүн эмес, турак жай куруу үчүн арналган короо-жай алдындагы жер участокторунда жайгашканы аныкталган. Бул участоктор иш жүзүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтерисиз жана салыктарды, анын ичинде мүлк салыгын төлөбөстөн, кампа жана өндүрүш объекттери жайгашкан өнөр жай аймагы катары пайдаланылган.

Мындан тышкары, 370 млн сом суммасында эсепке алынбаган товарлары бар 117 субъект аныкталган. Бул товарларды тастыктаган документтер жок болуп чыккан.

КР салык мыйзамдарына ылайык, товарларды тиешелүү коштоочу документтери жок сатып алган ишкерлер салык агенти катары бюджетке сатып алынган товардын наркынын 10 % өлчөмүндө киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.

Айрым ишкерлер бул 10% өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салык жүгүн көбөйтүү катары эсептешип, салык төлөөдөн качуу максатында ар кандай митингдерди уюштуруп, коомчулукту адаштырышууда.

Эсепке алынбаган товарлары аныкталган бир катар салык төлөөчүлөр кошумча эсептелген салыктарды төлөй башташкандыгын белгилей кетүү зарыл.

4-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Кыдыргычов митингге чыккандар менен жолугушуп, аларга салык мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле бардык ишкерлерге адилеттүү шарттарды түзүү максатында салык төлөө зарылдыгын түшүндүрдү.

Салык кызматы ишкерлерди мыйзамды сактоого жана салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө, ошондой эле ишкерлер арасында адилеттүү атаандаштыкты түзүүгө активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий