• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алай районунун акими эмгек жамаатына тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Алай районунун акими болуп дайындалган Чыңгыз Бапаев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаңы акимди жамаатына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тааныштырган.

Облус башчысы Бапаевдин ишине ийгилик каалап, райондун өнүгүүсүнүн тиешелүү тармагындагы көрсөткүчтөрдү алдыга жылдыруу ишенимин билдирип, бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү кызматташууга даяр болууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө артыкчылыктуу көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий