• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саттарова: Баткендеги калкты тейлөө борбору күнүнө 400дөй жаранды кабыл алууда

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен шаарындагы калкты тейлөө борбору санитардык талаптарды сактоо менен күнүнө 400дөй жаранды кабыл алууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 21-майдан баштап республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлоруна уруксат берилген.

"Баткен шаарында калкты тейлөө борбору да ишин баштап күнүнө 400дөн ашык жаранды кабыл алып жатат. Ал жерде бардык санитардык нормалар сакталып, окуулар өткөрүлүүдө. Келген жарандар электрондук кезекке турууда. Керектүү болгон бардык электрондук кызмат көрсөтүү шарттары түзүлгөн. Башка калкты тейлөө мекемелери да талапка ылайык иш жүргүзүүдө. Мекемелерде иштеген кызматкерлерге эпидемиологиялык кырдаалда иштөө тартиби боюнча семинарлар өтүүдө", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий