• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Алай районунда селдин кесепеттерин жоюуга 64 адам тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Алай районунун Терек айылындагы селдин кесепеттерин жоюуга 64 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 53ү ӨКМдин адистери.

Тартылган ыкчам топ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын жардамы менен Сопу-Коргон — Терек унаа жолунун 2,5 чакырым аралыгы тазаланып, каттам бир тараптуу ачылды.

Мындан сырткары, электриктер тарабынан электр жарыгы калыбына келтирилди.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жеринде координациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 21-июнда кечке жуук аталган аймакта катуу жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен Терек айылында 1 үйдүн жер төлөсүнө, 33 үйдүн короосуна, 3 социалдык объектинин короосуна сел суулары кирип, Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырымынын 3 тилкесинде сел калдыктары жолду жаап, каттам үзүлгөн. Ошондой эле электр мамычасын сел агызып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Пикир

Оставить комментарий