• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алай районунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун каптаган

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Алай районунун Терек жана Кара-Талаа айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Терек айылында 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короо-жайларына сел суулары кирип, кум-шагылга толгон.

Ошондой эле Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгында сел калдыктары жолду жаап, каттам үзүлгөн.

Кырдаалды көзөмөлдөө, маалыматты тактоо максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов, Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер жерине чыгып кеткен.

Мындан сырткары, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тазалоо иштерине айыл аймагынан 1 жүктөгүч, №959 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий