• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Алайда милиция кызматкери өлтүрүлүп, сууга ыргытылган. Шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө 28-январда Гүлчө дарыясында жашы 30-35 жаштагы жарандын сөөгү табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сөөктү суудан алып чыккан учурда ал 32 жаштагы Алай райондук милициясынын Э.Н. аттуу кызматкери экендиги аныкталган. Денени сырттан кароо жүргүзүүдө башынын аркы тарабынын 4 жеринде жараты, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жараттары бар экендиги байкалып, киши колдуу болгондугу белгилүү болгон.

Кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, көп узабай кылмышка шектүү жарандар кармалган. Алар Алай районунун Будалык айылынын 54 жаштагы О.Э., 32 жаштагы Ч.И. жана 31 жаштагы С.у.Б. аттуу тургундары экендиги аныкталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

31 жаштагы С.у.Б. мурда Россиянын аймагында каракчылык боюнча соттолгон.

"Курман болгон кызматкер 28-январда эрте менен жумушка келген эмес. Жумушка келбей калгандыктан жетекчилиги аны издөөгө алган. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында эки күн жумушка келген эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маркум 27-январь күнү саат 21:00гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүткөндө жашаган үйүнө кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш ачылып тергөө иштери жүрүүдө. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум жумуштан кийин жакын мамиледе болгон адамдар менен жакын санаалаш досунун туулган күнүн белгилөөгө отурушка барган. Ал жерден спирт ичимдик ичип, мас абалдагы достор сөз талашып мушташа кетет.

Натыйжада Э.Н. сабалып, алган жараатынан окуя болгон жерде каза болуп калат. Кылмыш изин жашыруу максатында кылмышка шектүүлөр маркумдун сөөгүн автоунаага салып, сууга агызып жиберишет. Окуя саат 3:30дан 5:30дар чамасында болгон.

Кылмышка тийиштүү далил буюм катары жансыз денени салып келген "Нехсия" үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып, тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий