• 87
  • 90.43
  • 0.88

Алайда жергиликтүү тургундарга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан Алай районунун Сопу-Коргон айылында жергиликтүү калкка финансылык сабаттуулук2 боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүлдү.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо маданияты тууралуу айтылды.

Ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий