• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абал облусунда бир күн ичинде 22 кылмыш катталды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Жалал-Абал облусунда бир күн ичинде 22 кылмыш катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаарын жаан Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жоробеков белгилегендей, ал кылмыштардын баарынын бети ачылган.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 27 киши кармалган.

"Жалал-Абад шаарында 15 жана Сузак районунда 12 киши кармалды", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий