• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Алайдын Кичи-Бүлөлү айылында жаңы мектептин пайдубалы түптөлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Кичи-Бүлөлү айылында жайгашкан №36 Б.Нарматов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалы түптөлдү.

Парламенттен билдиришкендей, капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү жетекчилер, агартуучулар жана айыл эли катышты.

Салтанаттын алкагында эл өкүлү тургундар менен баарлашып, район ичинде жасалып жаткан жумуштар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын ичинен курулуп жана оңдолуп жаткан социалдык имараттар тууралуу да айтылды.

Алсак, азыркы тапта Кичи-Бүлөлү айылындагы окуучулар эскилиги жеткен имаратта билим алышууда. Ага ылайык, кылымга жакын убакыт кызмат кылып келе жаткан имаратты жаңыртуу маселесин депутат Таалайбек Сарыбашов парламентте көтөрүп, тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада бүгүн 150 орунга ылайыкташкан жаңы мектептин имаратынын пайдубалы түптөлдү. Курулушка керектүү каражат республикалык бюджеттен каралган.

Пикир

Оставить комментарий