• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Аламүдүн айыл аймагында газдаштыруу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн айыл өкмөтү калк менен биргеликте аймакты газдаштыруу иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Аламүдүн айыл аймагында эки көчөгө газ берилди.

Абанын булганышын азайтуу жана электр энергиясын үнөмдөө максатында Аламүдүн айыл өкмөтү калк менен биргеликте тургундардын тиричилик керектөөсүнө газдаштыруу иштерин баштады.

Аламүдүн айылынын эки көчөсүнө учурда борбордук трасса төшөлүп- Панфилов көчөсү менен Дальный тилкесинде газдаштыруу иштери жүрүүдө.

Мындай чечим тургундардын Жалпы жыйынында аныкталып, айыл өкмөтү менен биргеликте газдаштыруу иштерин жүргүзүүнү каалагандардын көчөлөрү, даректери аныкталган. Аталган көчөлөрдүн жашоочулары бир добуштан жалпы сумманын 70%ын төлөп берүүнү, айыл өкмөтү бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 30% төлөп берүүнү бир добуштан билдиришти. Чыгымдар 2,7 миллион сомдон ашыкты түзөт.

"Айыл өкмөтү тургундарыбыздын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча иштерди улантууда. Жаңы трасса 50дөн ашык кожолукту газга кошууга мүмкүнчүлүк түздү. Объект пайдаланууга берилди, кээ бир үйлөр газга кошулуп бүттү. Башка айыл тургундарынын каалоосу жана өтүнүчү болсо мүмкүн бул газдаштыруу иштердин уландысы болот, муниципалитеттин планына киргизип жатабыз", - деп белгиледи айыл өкмөт башчысы Найзабек Көлбаев.

Пикир

Оставить комментарий