• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрөнү куруу иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, аталган көпүрөнүн жараксыз абалга келгенине байланыштуу 24-июлдан тарта убактылуу көпүрө салынып, автоунаалар үчүн каттам камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий