Аламүдүн ГЭС-5тин бассейнине калкып туруучу күн электр станциясын куруу уланууда

Коом 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. Аламүдүн ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова Жоробековна министрликтин энергиянын кайра жаралуучу булактары жана инвестиция тартуу маселелерин караган тийиштүү адистер менен биргеликте долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

"Чакан ГЭС" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Эмиль Мухамбетов курулуштун жүрүшү менен тааныштырып, катышуучуларга бул долбоор пилоттук экенин белгилеп жана учурда мындай калкып туруучу күн электр станцияларын курууга кызыкдар тараптар бар экенин айтты.

Өз кезегинде Назгүл Усенова курулуш пилоттук долбоор менен курулуп жатканына карабастан, мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, өз учурунда ишке берилишин көзөмөлдөөгө чакырды.

Эске салсак, "Чакан ГЭС" ААК Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясынын суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу пилоттук долбоорун ишке ашырууга киришкен.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен курулуп, суткалык жөнгө салуучу бассейнинин күзгүсүнө аянты 1200м² жана кубаттуулугу 100 кВт болгон фотоэлектр панелдерин орнотууну камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий