• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00гө карата линияда 116 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 405 автобусу, "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 313 автобусу жана "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧК тарабынан 113 жеке автобус иштөөдө.

Ошондой эле шаар боюнча 621 кичи автобус каттап жатат.

Эскерте кетсек, коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан адаттагыдай бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий