• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал Б. жана С. аттуу аялдар 2021-жылдын 16-январында Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында жайгашкан 8 сотык жер тилкесин жеке турак жай салуу үчүн 8 миң АКШ долларына баалап сатышканын, кийинчерээк ал жер айыл чарба багытындагы жер экендиги аныкталгандыгын билдирген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин Алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 1962-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий