• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчалар 2-сентябрдан тарта иштеп баштады.

Бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылды. Аламүдүн району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 11 бала бакча түзүлүп, калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

“Келечек үчүн билим берүү” жана “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Пикир

Оставить комментарий