• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.21 /Кабар/. Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-июль күнү Ленин айылында жайгашкан кооперативдердин биринин өкүлү Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 4-июлуна чейинки убакыт аралыгында талаа суугаруучу жабдуулардын 34 даана тетиктерин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 170 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам тергө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Х.А. жана 1993-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган жарандардын дагы башка 9 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий