• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бажычылар Кытайдан унаа дөңгөлөктөрүн мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Бажычылар Кытайдан унаа дөңгөлөктөрүн мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

Ошентип, Кытайдан унаа менен «ЦАА Групп» ЖЧКнын дарегине жеңил унаалар үчүн жаңы дөңгөлөктөр келгени көрсөтүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө 332 даана декларацияланбаган жүк ташуучу унаалар үчүн жаңы дөңгөлөктөр келгени аныкталган.

Товардын жалпы салмагы 8632 кг, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млн 440 миң 200 сомду түздү.

Чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСга катталып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий