• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мамлекеттик басмакана түзүүнү пландоодо

Билим 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин басып чыгарууга адистешкен, басма иштерин толук кандуу жүргүзө алган "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүүнү максат кылууда.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлик менен "Учкун" ААК ортосунда макулдашуу түзүлүп, мамлекеттик басма түзүлгөнгө чейин окуу китептери боюнча басма иштерин аткаруу "Учкун"ААКга жүктөлгөн.

Белгилүү болгондой, мурда бул иштерди "Мектеп" басмасы аткарып келген, окуу-методикалык комплекстерди даярдоо иштери (компьютерге терүүдөн тартып басууга даярдаганга чейинки бардык жумуштар) басмада аткарылат.

Учурда министрлик тарабынан китеп басып чыгаруу жаатында жетишерлик тажрыйба топтогон компетенттүү адистер жана эксперттер менен бирдикте мамлекеттик басма түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Бул багытта министрлик республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбастан, ички ресурстарды туура бөлүштүрүү менен көздөгөн максатына жеткиси келет. Башкача айтканда, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары министрлик өзү негиздеген, же уюштурган “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору менен “Жаңы китеп” мекемесин кошуп, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүүнү максат кылууда.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын башында 7-класстын окуучулары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде 129 миң 365 нускада "Адам жана коом" окуу китеби, жана 3 миң 890 нускада мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жарык көрдү. Келерки жумадан тарта китептер мектептерге жеткирилип баштайт.

Пикир

Оставить комментарий