• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Билим берүү министри Бейшеналиевдин Ысык-Көлгө болгон эки күндүк иш сапары аяктады

Билим 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапары аяктады.

Миинстрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сапардын 2-күнү Каракол шаарынан башталды. Министр Бейшеналиев К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук курамы менен жолугушуп, билим берүүнүн мазмунундагы жаңыланууну талкуулады.

Андан соң Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Түп районуна барып, көптөн бери курулушу бүтпөй келген мектептерди тиешелүү адистер менен талкуулады.

Иш сапардын акырында министр Ысык-Көл районунун, Ананьево айылындагы №82 кесиптик лицейдин жалпы абалы, техникалык-материалдык жабдылышы, окутуу шарттары менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий