• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Жаманбаев Борбордук Азия эл аралык институтунун директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Борбордук Азия эл аралык институтунун директору Жавлон Вахабов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришти.

Ошондой эле тараптар бардык артыкчылыктуу багыттарда, анын ичинде билим берүү жана илим тармагында, илимий долбоорлорду эки өлкөнун илимий мекемелери менен биргеликте ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөө боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар эл аралык аренада Борбор Азиянын мааниси өсүп жатканын белгилешти.

Муса Жаманбаев эксперттик жана илимий коомчулукту тартуу менен Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында өлкө лидерлери тарабынан коюлган маанилүү демилгелерди талкуулоо үчүн, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча чараларды жана жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо үчүн Борбордук Азиянын эл аралык институтунун, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук изилдөө институттарынын платформалары уникалдуу экендигин белгиледи.

Соңунда тараптар элчилик менен Борбордук Азиянын эл аралык институтунун ортосундагы жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты, өз ара сапарларды жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле бул институт менен КР президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштарды түзүү боюнча пландарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий