• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

18-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 18-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн тоолуу райондордо бир аз каар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Талас, Нарын облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл облусунда +13...+18 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +19...+21 градус болушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий