• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто эксперттер абанын булгануу деңгээлин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзөт

Аймак 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Ош шаарында эксперттер абанын булгануу деңгээлин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүшөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе мэрдин орун басары Нурбек Кадыровдун БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Ош аймактык кеңсесинин башчысы А. Сулайманова баштаган уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө абанын булганышынын балдардын жана аялдардын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу максатында экологиялык ченемдерди сактоо, булганууга каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

ЮНИСЕФтин адистери мындан ары жергиликтүү бийликке тиешелүү сунуштарды даярдоо максатында Ош шаарында абанын булганышынын абалына баа берүү боюнча изилдөө иштери башталганын билдирди. Мындай изилдөө буга чейин Бишкекте да жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын мэриясы, Ош шаарынын Жылуулук электр борбору, "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери абанын булганышын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Кадыров Ош шаарынын мэриясы шаардагы абанын булганышынын абалын изилдөөгө жана адистердин практикалык сунуштарын колдонууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жыйындын соңунда калк саламаттыгы үчүн аталган маселе боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий