• 87.86
  • 93.94
  • 1

Сыргабаев Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы суу насостук станциясына барды

Аймак 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы "Жел тийбес" суу насостук станциясына барды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, станция айылдын 1 миң 800 гектардан ашуун жер аянтын суу менен камсыздап келет. Учурда насостук станциянын эскилиги жеткен курулмаларын алмаштыруу зарылдыгы жаралган. Өкүл станциянын техникалык жабдыктарын оңдоо иштери каражатка ылайык этап менен жасаларын айтты.

Аны менен катар облус башчысы кызмат көрсөтүүчү сервисте болуп, айыл чарба техникаларынын даярдыктарын көрдү. Мындагы жайда жергиликтүү жашоочулар тарабынан күйүүчү-майлоочу май жана минералдык жер семирткичтерге баа жогору болуп жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

Өкүл бул жаатта жумуштар жүрүп жатканын, керектүү өлчөмдө төмөндөтүлгөн баада алуу үчүн шарт түзүлөрүн билдирди.

Соңунда айыл эли менен жолугушуу өткөрүлүп, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселелери жеринде талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий