• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Молдогазиев Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Эфендиева менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гюнай Эфендиева менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жалпы маселелери, Фонддун учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле жакынкы келечекте пландаштырылган иш-чаралар талкууланды.

Айбек Молдогазиев түрк элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында Фондду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Фонддун түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастарын жайылтуу жана пропагандалоо, анын ичинде кыргыз элинин маданиятын жана мурасын алдыга жылдыруу боюнча аракеттерин оң белгиледи.

Гюнай Эфендиева өз кезегинде, Фонд кыргыз элинин руханий мурасын изилдөө жана аны түрк тилдүү элдерге жайылтуу боюнча пландалган долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын Фонддун алкагында кызматташуусун мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Белгилей кетсек, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гюнай Эфендиева Бишкекке Түрк элдеринин эл аралык тил форумуна катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий