• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде миң гектар жерди сугат суу менен камсыздаган канал пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагын суугат суу менен камсыз кылуучу Р-1 каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган айыл аймактын Жошук, Таш-Дөбө, Чекелик жана Көк-Тал айылын сугат суу менен камсыз кылуучу Р-1 ички чарбалык каналына сугат суу Нургазиев атындагы чарба аралык каналдан алат.

"Пайдаланууга берилген каналдын узундугу 4,4 км, сыйымдуулугу 2,5 метр кубду түзөт. Анын пайдаланууга берилиши менен 1 миң гектар жерге сугат суу берүү жакшырды. Буга чейин аталган каналдын 2,3 км аралыгы кошуна Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөндүктөн 60%га чейин суу жоготууга учураган. Натыйжада жогорудагы айылдарда суу таңкыстык көйгөйү жаралып келген", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Өзбекстан аркылуу өтүүчү канал республикалык бюджеттин эсебинен 155,6 млн сомго курулуп бүттү. Дюкер тибинде курулган бул уникалдуу долбоордун негизинде жер астынан 25 метр бийиктикке өз нугу менен суу чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий