• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакуда азербайжан тилине которулган "Тоолор кулаганда" китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20-сентябрында Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинде улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата азербайжан тилине которулган "Тоолор кулаганда" аттуу китептин бет ачаары болуп өттү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, элчиликтин колдоосу менен жарыкка чыккан китепке "Тоолор кулаганда" романынан сырткары жазуучунун башка чыгармалары дагы кирген.

Иш-чарага Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонддун президенти Эльдар Айтматов, котормонун автору - азербайжан жазуучусу жана котормочосу Нариман Абдулрахманли, Баку шаарындагы элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын башчылары жана кызматкерлери, Азербайжан Республикасынын расмий адамдары жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев Ч.Айтматовдун Азербайжанга өзгөчө мамилеси болгондугун, анын азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиев менен болгон жылуу мамилелери жана жазуучунун Азербайжандын "Достук" ордени менен сыйланышы, ал орденди президент Ильхам Алиев тапшырганы муну күбөлөндүрүп тургандагын белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары биздин улуу мекендешибиз тууралуу өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Чакырылган коноктор бул сыяктуу иш-чаралар дүйнөлүк адабияттын классигинин мурасын сактоого жана жайылтууга салым кошкондугу тууралуу пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий