• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кирүү акысыз. Бишкекте Иран искусствосунун көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкекте Иран искусствосунун көргөзмөсү өтөт, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чара 13-16-март күндөрү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Төрт күндүн ичинде көргөзмөдө каллиграфия, миниатюра, сырдалган эмаль, торевтика жана маркетри сыяктуу искусство түрлөрү менен таанышууга болот.

Көргөзмөгө келгендер перс каллиграфиясынын дээрлик бардык кол жазмаларын (куфи, насх, сулс, наста’лик, шекасте ж.б.) жана сефевид жана кажар стилинде жазылган миниатюраларды көрө алышат.

Исфахандагы минакари мектебинин (сырдалган эмаль) жана каламзани (торевтика) заманбап чеберлеринин бири эслими жана хатай ыкмаларындагы эмгектерин көрсөтөт, ал эми түсү жана текстурасы боюнча ар түрдүү болгон тыт, акация, эмен, терек жана башка жыгачтардын фигуралык пластинкаларынан мозаика түрүндө жасалган маркетисттин эмгектери коноктордун эсинде көпкө сакталат.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында мастер-класстар өткөрүлүп, анда катышуучуларга керектүү шаймандар жана материалдар берилет.

Көргөзмө Ирандын маданият күндөрүнүн алкагында Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигиндеги Маданий өкүлчүлүк менен биргеликте өткөрүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий